Эквайринг
Эквайринг (аcquire – приобретение – сатып алуу) – накталай эмес эсептешүү боюнча банктык кызмат көрсөтүү. Башкача айтканда, кардар накталай каражаттарды чыгарбастан, кызмат көрсөтүүнүн же товардын акысын банктык карточканын жардамы менен терминал аркылуу төлөй алат.
Эквайринг (аcquire – приобретение – сатып алуу) – накталай эмес эсептешүү боюнча банктык кызмат көрсөтүү. Башкача айтканда, кардар накталай каражаттарды чыгарбастан, кызмат көрсөтүүнүн же товардын акысын банктык карточканын жардамы менен терминал аркылуу төлөй алат.
Эквайрингдин кандай өзгөчөлүктөрү бар?
1. Кеңири колдонуу. Ушул кызмат көрсөтүүгө дээрлик бардык сода жана кызмат көрсөтүү тармактары банк менен келишим түзө алышат. Ошондуктан аларды көпчүлүк соода түйүндөрүнөн кезиктирүүгө болот;
2. Сатуучу акчанын калдыгын санап убара болбойт. Товар үчүн түзүлгөн сумманы терминал өзү картадан эсептен чыгарат.
3. Тобокелдикти төмөндөтөт. Жасалма (фальшивые) акча купюралары эми дүкөндүн кассасына түшпөйт;
4. Үнөмдөлөт (Экономия). Инкассацияга карата финансылык чыгымдар төмөндөйт;
5. Пайдалуу. Товарлар же кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын накталай эмес төлөө учурунда сатуудан салык (НсП) кармалбайт;
6. Ынгайлуулугу (Удобство). Накталай акчалардын уурдалышы мүмкүн экендиги жөнундө сатып алуучу кам санабайт;
7. Жагымдуу мүмкүнчүлүк. Кардар банк тарабынан берилген карта боюнча товарды кредитке сатып ала алат.
Сиздин ишкана үчүн биз эмнени сунуштай алабыз?
- Тейлөөнүн пайдалуу шарттары, акча каражаттарды кыска мөөнөттүн ичинде калыбына келтирүү*;
- Банкка кайрылбастан, POS терминалдан, анын ичинде Элкарт улуттук карталары боюнча операцияны (толук же жарым-жартылай) кайра артка чакырып алуу мүмкүндүгү;
- Элкарт улуттук карталары боюнча операцияны (Кардардын жана Ишкананын Банкка кайрылуусусуз) кайра артка чакырып алуунун автоматаштырылган операциясы;
- төлөм карталарын колдонуу менен операцияларды жургүзүү эрежелерине персоналды акысыз окутуу;
- төлөм карталарын колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн POS терминалды акысыз орнотуу;
- жарнамалык, маалыматтык жана чыгашалоо материалдары менен акысыз камсыздоо;
- Ишкана жөнүндө маалыматты Банктын, ММК ж.б. ресурстарында акысыз жайгаштыруу;
- техникалык жактан колдоо.
*Акча каражаттарды калыбына келтирүү мөөнөтү жана комиссиялардын өлчөмү ар бир ишкана үчүн жекече түзүлөт.
Эмне учүн пос-терминалды сиздин ишканага орнотуу керек?
- КР накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун чегинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан накталай эмес төлөмдөр активдүү өнүктүрүлөт жана колдоого алынат;
- эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды жана өлкөнүн бюджетине/нен башка төлөмдөрдү төлөп берүү үчүн каражаттарды төлөм карталарына которуу;
- 50 метр. кв. ашык аянты менен соода-сервистик ишканаларында POS терминалдын милдеттүү турдө болушу;
- алкоголдук продукцияны сатуучу соода-сервистик ишканаларында POS терминалдын милдеттүү турдө болушу;
- товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын накталай эмес төлөө учурунда сатуу салыгынын (НсП) алынып коюулушу.
Керектүү документтердин тизмеси:
Юридикалык жактар үчүн:
-Эсеп ачуу
-Ички иштер министрлигинен соттолбогону тууралуу справка (кошумча)
-Банктык эсептин ревизиттери
Юридикалык жакты (ЖИ, ЖИ ж.б.) түзбөстөн:
-Эсеп ачуу
-Ички иштер министрлигинен соттолбогону тууралуу справка (кошумча)
-Банктык эсептин ревизиттери