Көп каналдуу

Факс

«Халык Банк Кыргызстан» ААК эмитацияланган карточканын түрлөрү

VISA Gold

1

Ийгиликке жетишкен, ыңгайлуулуктуу баалап, өзүнө өзгөчө мамилеге татыктуу адамдар үчүн арналган карточкалар. Ошентип, бул карточкалар оокаттуулуктун белгиси болуп саналат жана өз кармоочусунун кадыр баркын кармоо үчүн кызмат кылат. Бул карточкалар боюнча кардарлар өздөрүнө мейманкананы эч кедергиси жок брондой алышат же автомобилди ижарага ала алат, бул чет өлкөгө саякаттоодо азыр актуалдуу болуп жатат. Мындай карточкалар көптөн бери калыптанган банк тарыхы бар, Банктын туруктуу кардарларына берилет. Карточканын кармоочусу VISA Internationalдан эл аралык программалар боюнча атайын арзандатууларды жана пайдалуу сунуштарды ала алышат.

VISA Classic

5

Карточкалар дүйнөсүндө кеңири тараган түр, бир кыйла кымбат Gold карточкалары сыяктуу эле колдонууда кенен мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Бул карточкалар, накталай акчаларды алууну жаа товарлар жана кызматтар үчүн акы төлөөнү бир гана электрондук орнотмолор (POS - терминалдар) боюнча эмес, механикалык орнотмолордун (импринтерлер) жардамы менен да жүргүзө алышат, бул карточкаларды кабыл алуу тармагын дагы кеңейтет.Алар, дүйнө жүзүндөгү VISA логотиби бар бардык жерлерде кабыл алынат, анын ичинде банкоматтар, товарларды сунуштаган дүкөндөр бар, телефон, почта боюнча кызматтарды төлөсө болот. Бул түрдөгү карточкалар орто кирешелүү адамдардын арасында өзгөчө популярдуулукка ээ, анткени ыңгайлуулукту, тандоону жана каржы ийкемдүүлүгүн берет, баанын жана көрсөтүлгөн кызматтардын оптималдуу шайкештигин камтыйт.

VISA Electron

3

Тейлөөнүн минималдык баасы жана функциялардын ыңгайлуу топтому менен жеткиликтүү карточкалар. Алар банкоматтар аркылуу накталай акча алганга да, ар кайсы соода түйүндөрүндө товарларды жана кызматтарды төлөө үчүн колдонулат.

Visa Electron Instant

Кээде кечиктирүүгө болбой турган жагдайлар болот (мисалы, шашылыш иш сапар, кардар айлык алышы керек же туугандарга же досторго тезинен акча жөнөтүү керек ж.б.) Дароо чыгарылуучу карточка мына ушундай учурлар үчүн арналган. Кардар мындай карточканы карточка чыгарууга арыз бергенден кийин дароо эле ала алат (Банкка кайрылган күнү). Карточканы чыгаруу алдын ала берилген номер жана орнотулган жарактуу мөөнөтү менен шашылыш тартипте берилет, ошондой эле карточкалык базага колдонуудагы эсепти өзүнчө ачуу менен да берилет. Карточка кардардын аты, фамилиясы көрсөтүлбөй чыгарылат, бирок кадимки VISA Electron карточкасындай эле мүнөздөмөлөргө жана мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Биз 3D Secure кызматынын жардамы менен коопсуздукка кепилдик беребиз.

 

ЭЛКАРТ төлөм карталары

elcart hb

Халык Банк улуттук валюта менен ЭЛКАРТ заманбап төлөө карточкасын чыгарат, анын жарактуу мөөнөтү - үч жыл. Халык Банктан ЭЛКАРТ төлөм картасы соода-тейлөө ишканаларында товарларды жана кызматтарды төлөөнүн накталай эмес төлөөнү ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын аймагында банкоматтардан накталай каражат берүү пункттарынан накталай акча каражатын алууга, ошондой эле коммуналдык кызматтарды жана башка кызматтын жеткирүүчүлөрүн төлөөнү ишке ашырат. ЭЛКАРТ тейлөөчү түйүндөр ЭЛКАРТ логотиби жана чаптагычтар менен белгиленген. ЭЛКАРТ төлөм картасы Кыргыз Республикасынын бардык банктары тарабынан тейленет.

ЭЛКАРТ төлөм карталары – СОЦИАЛДЫК ТӨЛӨМДӨР

elcart hb

"Халык Банкт Кыргызстан" ААКтын “ЭЛКАРТ КАРТАСЫ - СОЦИАЛДЫК ТӨЛӨМДӨРҮ” - бул улуттук ЭЛКАРТ төлөм картасы, ал КР жарандары - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү Министрлигинен акча жөлөк пулдарын жана компенсацияларды алуучу жарандар үчүн багытталган.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү Министрлиги менен "Халык Банкт Кыргызстан" ААКтын ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында картанын бул түрү дээрлик акысыз берилет.

Кошумча маалыматты "Халык Банк Кыргызстан" ААК телефон чалып биле аласыздар:
(312) 32-32-22, 61-40-99 Бишкек ш.,
(312) 56-56-56, 56-57-35 Бишкек ш.,
(312) 34-34-24, 34-34-29 Бишкек ш.,
(312) 68-68-68, 68-02-53 Бишкек ш.,
(3133) 3-32-36, 3-29-42 Кара-Балта ш.,
(3222) 5-58-00, 4-42-38 Ош ш.,
(3222) 4-21-00, (3232) 5-00-85 Кара-Суу ш.,
(3722) 2-32-17, 5-09-83, (312) 29-30-39 Жалал-Абад ш.,
(3943) 4-23-41, 4-23-86 Чолпон-Ата ш.,

же Cuctomer Service:
+8 (727) 259-03-73 Алмата ш.

501 narod 401 403
402 406 contact2 bereke