Бир нече мүнөттө миңдеген чакырымдар! Халык Банктан которулган акчалар ушундай ылдамдык менен учат. Биз кубануу менен Сиздерге дүйнөнүн каалаган жерине акча которуунун ылдам жана жөнөкөй ыкмаларын сунуштайбыз.

Акча которуулар

Акчага кесипкөйлөрдүн көңүл буруусу жана камкордугу зарыл. Ошондо алар күн эмес, саат сайын көбөйүп, көздү кубантып жана эртеңки күнгө ишеним берет.

Депозиттер

Акча которууларды жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнү жүргүзүүдө өзүңүздүн күндөлүк эсептериңизди башкаруу үчүн жөнөкөй жана ыңгайлуу курал.

Интернет-банкинг

“Халык Банк Кыргызстан” ААКнынкызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү менен иштеп жатышкан медицина кызматкерлерине которуп беришти. Каражаттар биздин жарандардын ден-соолугу үчүн жандарын аябастан күрөшүп жатышкан, Бишкек шаарынын 133 медициналык кызматкерлеринин карточкаларына түз которулду. Алардын көпчүлүгү өздөрүнүн үй-бүлөлөрү менен көрүшүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугунан өздөрү иштеген ооруканаларда жашап жатышат.

Эске сала кетсек, “Халык Банк Кыргызстан” ААКнынапрель айынын ортосунда Ош, Жалал-Абад, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балтада шаарларынын 206 медициналык кызматкерине да ушундай эле жардамдарды көрсөтүшкөн.

339 медициналык кызматкерге жалпысынан 1 миллион 424 миң сомдон ашык жардам көрсөтүлдү.

Кыргызстандын жарандарынын ден-соолугун жана өмүрүн күнү-түнү менен сактоо менен коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө жандарын аябастан эмгектенип жаткан дарыгерлерге, медайымдарга, санитарларга, лаборанттарга жана бардык медициналык персоналга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

501 narod 401 403 402
 faster 1 406 contact_2 bereke