Бир нече мүнөттө миңдеген чакырымдар! Халык Банктан которулган акчалар ушундай ылдамдык менен учат. Биз кубануу менен Сиздерге дүйнөнүн каалаган жерине акча которуунун ылдам жана жөнөкөй ыкмаларын сунуштайбыз.

Акча которуулар

Акчага кесипкөйлөрдүн көңүл буруусу жана камкордугу зарыл. Ошондо алар күн эмес, саат сайын көбөйүп, көздү кубантып жана эртеңки күнгө ишеним берет.

Депозиттер

Акча которууларды жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнү жүргүзүүдө өзүңүздүн күндөлүк эсептериңизди башкаруу үчүн жөнөкөй жана ыңгайлуу курал.

Интернет-банкинг

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 25-марттан 11-апрелге чейин Ош Технологиялык Университетинин студенттеринин арасында эссе конкурсун өткөрдү. Эссенин темасы: «Унөмдөп сактоону билүү – финансылык көз карандысыздыктын негизи». Ушул иш-чаранын алкагында конкурстун катышуучу-студенттеринен көптөгөн таланттуу иштер алынды.

Жюринин түзүмү «Халык Банк Кыргызстан – Ош» филиалынын директору - Шоноев Мирлан Курманбекович, ОшТУнун «Экономика жана Башкаруу» факультетинин деканы, доцент - Артыков Амат Жакышевич, КР УБнын Ош облустундагы башкармалыгынын начальниги – Сыдыков Жумаш Токтобекович болду.

11-апрелде Дүйнөлүк акча жумасынын (Global Money Week - 2019) алкагында салтанаттуу түрдө жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү, алар сыйлык катары беш, үч жана эки миң сом суммасында депозиттерди ачууга карата сертификаттарды алышты:

• I-орунду Батырбек кызы Надира ээледи, сыйлык - 5000 сом суммасына депозит ачууга карата сертификат.
• II-орунду Турдугулов Нурсултан ээледи, сыйлык - 3000 сом суммасына депозит ачууга карата сертификат.
• III-орунду Адылбек кызы Мээрим ээледи, сыйлык - 2000 сом суммасына депозит ачууга карата сертификат.

Мындан тышкары, «Халык Банк Кыргызстан - Ош» ААК филиалында практика өтүүгө карата сертификаттар түрүндө беш сыйлык тапшырылды. Ошондой эле университеттен да бир нече сыйлыктар тапшырылды.
«Дүйнөлүк акча жумасынын алкагында ушул конкурсту уюштургандыгы үчүн биз «Халык Банк Кыргызстан» ААКга ыраазычылык билдиребиз. Ушундай иш-чаралар студенттер үчүн өзүнүн жеке идеяларын айтууга жана жалпы эле жекече өнүгүүсүнө жакшы стимул берет» - деп өз сөзүндө белгилөө менен Ош ТУнун Ректору Абидов Абдыкадыр Омарович ыраазычылыгын билдирди.

Маалымат үчүн:

Ушул жылы Дүйнөлүк акча жумасы (Global Money Week) 8-апрелден 14-апрелге чейин өтүп жатат. Кыргызстан ушул иш-чарага бешинчи жолу катышып жатат. 2019-жылдагы иш-чаранын девизи: «Оку. Сакта (Үнөмдө).Иштеп акча тап»! Ушул иш-чара – бул дүйнөлүк кыймыл, анын максаты балдарды жана жаштарды финансылык сабаттуулукка окутуу жана үйрөтүү болуп саналат. Биздин өлкөдө Акча жумасы коммерциялык банктардын жана башка көптөгөн уюмдардын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын патронажынын алдында өтүп жатат.

es 1

es 2

es 3

es 4

es 5

501 narod 401 403 402
 faster 1 406 contact_2 bereke