Халык Банк Кыргызстан өздөрүнүн кардарларына жана өнөктөштөрүнө, «Элкарт» карталарын кармоочуларга - «Элкарт мобайл» тиркемеси менен колдонуунун эң жакшы мүмкүнчүлүгүн берет. Эми сиз мобилдик телефон же планшет аркылуу күн-түн дебестен каалаган убакта, сиз кайсы жерде, кайда болсоңуз да, андан көз карандысыз, ушул тиркеменени жардамы менен тез жана оңой эле өзүңүздүн карточкалык эсепти башкара аласыз, бюджетти жүргүзө аласыз, операцияларды жана төлөмдөрдү да жүргүзө аласыз!
Элкарт Мобайл тиркемеси App Store жана Google Play дүкөндөрүндө Android жана iOS колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.
Бул жөнөкөй эле: тиркемени көчүрүп алуу керек, каттоодон өтүп, өзүнүн картасынын номерин көрсөтүшү керек.Айтмакчы, логинди жана паролду калыбына келтирүү үчүн ага түз эле тиркеменин өзүнөн жетүүгө болот.
Мындан тышкары, бул кызмат көрсөтүү менен колдонуу – коопсуз: тиркемеге кирүү - онлайн режиминде пин-код боюнча гана жүргүзүлөт.
Колдонуучу үчүн нускама: http://ipc.kg/images/instruksia.pdf
Ушул тиркеменин жардамы менен кандай операцияларды жүргүзүүгө болот?
Көз ирмемде которууларды жүргүзүүгө:
• өзүңүздүн карталардын ортосунда акчаларды которууга.
• Кыргыз Республикасынын каалаган банкынан Элкарт картасына которуу жүргүзүүгө.
Төлөмдөрдү жүргүзүүгө:
• Мобилдик телефондун, электрондук капчыктардын баланстарын толуктоого.
• ТКЧ, интернет, ТВ жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн акыларын төлөөгө.
• «ЭЛКАРТ МОБАЙЛ» мобилдиктиркемеси аркылуу төлөө учурунда үнөмдөөгө.
• Шаблондорду түзүү менен сиз кызмат көрсөтүүлөрдүн акыларын көз ирмемде төлөй аласыз.
Карта боюнча маалыматтарды карап чыгууга:
• Баланстын актуалдуулугун карап чыгуу эми дайыма жеткиликтүү.
• Өзүңүздүн карта боюнча көз ирмемде миникөчүрмөнү алууга.
• Төлөм акыларынын жана тарыхтарынын статусун карап чыгуу мүмкүнчүлүгү.
Ошондой эле, «Элкарт» карталарын кабыл ала турган жакынкы банкоматтарды жана соода түйүндөрүн таба аласыз.
Элкарт Мобайл – это надежно, быстро и удобно!