Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун программасы боюнча насыялар
«Халык Банк Кыргызстан» ААК бир нече жылдан бери Россия-Кыргыз өнүгүү фонду менен кызматташып келет. Насыялык линиялардын алкагында ишкерлерди колдоо үчүн жеңилдетилген чечимдер сунушталат.
Условия
Программа бизнес субъектилерине насыяларды берүүнү карайт жана кийинки багыттар боюнча негизги каражаттарды сатып алууга, жаңылоого, кеңейтүүгө жана модернизациялоого багытталган:
• агроөнөр- жай комплекси (айыл чарба продукцияларын өндүрүү, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык, жем даярдоо жана өндүрүү),
• айыл чарба продукциясын даярдоо жана кайра иштетүү, ошондой эле мөмө- жашылча-жемиш сактоо жайларын куруу менен байланыштуу долбоорлор,
• тигүү жана текстиль өнөр жайы,
• иштеп чыгаруучу өнөр жай,
• тоо кендерин казып чыгаруучу жана металлургиялык өнөр жай,
• транспорт,
• туризм инфраструктурасы менен бирге инфраструктураны өнүктүрүү,
• саламаттыкты сактоо жана билим берүү,
• ошондой эле Фонддун Уставында көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге жетүүгө багытталган өндүрүш багытындагы туруктуу узак мөөнөттүү инвестициялар.
Насыялоо валютасы: улуттук валюта жана АКШ доллары
Пайыздык чен:
Бишкек шаарынын туризм инфраструктурасын жакшыртуу: АКШ доллары менен – жылдык 8%, КР сому менен- жылдык 11%.
Башка багыттар боюнча ЧОБ субъектиси үчүн пайыздык чен АКШ доллары менен алынган насыяларда жылдык 6%ды, ал эми КР сому менен алынган насыяларда жылдык 9%ды түзөт.
Насыялоо мөөнөтү: Насыялоонун максималдуу мөөнөтү 5 жылга чейин
Насыялоо суммасы: 20 000ден 1 000 000го чейинки АКШ доллары (КРУБ курсу боюнча улуттук валютанынын эквивалентинде).
Насыяны төгүү
• Пайыздарды жана негизги сумманы (аннуитетти) ай сайын төлөө;
• Негизги карызды ай сайын, квартал сайын 6 айда бир төгүү менен бирдей үлүштө төлөө мүмкүн;
• 6 ай өткөндөн кийин мөөнөтүнөн мурда төгүү мүмкүн.
Күрөөнүн түрлөрү
• Коммерциялык/коммерциялык эмес багыттагы кыймылсыз мүлк.
Насыялоо аймагы
• Кыргыз Республикасы.
*Максаттуу багыты РКӨФтүн каржылоо программасына ылайык келген зайымдарды кайра каржылоо компоненти каралган.
**Коммерциялык банк – өнөктөштүн насыялык каражаттарды берүү жана тейлөөгө байланыштуу эсептик-кассалык тейлөө үчүн дагы пайыздык ченден ашык кандайдыр-бир комиссия же салыктарды алганга укугу жок.
Бул кызмат боюнча толук маалыматты контакт-борбордун телефондорунан, же Банктын бөлүмдөрүнөн алсаңыздар болот:
+996 312 988 330
+996 990 988 330